Миллиардер Алишер Усманов болжолдуу мураскерлерин атады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБизнесмен Алишер Усманов. Архив
Бизнесмен Алишер Усманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстанда төрөлгөн Усманов бир нече жылдан бери Россия менен дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинен түшпөй келет. Анын байлыгы 12,6 миллиард долларга бааланары айтылат.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Миллиардер Алишер Усманов Financial Times гезитине берген маегинде мураскерлери тууралуу кеп кылганын РИА Новости жазды.

Репортёр ишкерден "мураскер" маселесин кантип чечерине кызыккан. Усманов жашоо түбөлүк эместигин айтып, ийгиликке карай жолдо ага көп адам жардам бергенин белгилеген.

"Ошондуктан мен өзүмдүн үй-бүлөмө жана топ-менеджерлериме жардам берүү үчүн акцияларымды бергим келет", — деген Усманов.

Ал акциянын биринчи жарымын жакындарына, экинчисин татыктуу кызматкерлерине берүүнү ниеттенерин кошумчалаган. Усмановдун айтымында, жогорку позицияда тургандардын бардыгы бул "процесске" катышат.

"Менин табиятым ушундай. Эгер тагдырдан алган бир нерсеңер болсо, аны бөлүшүү керек", — деген ал.

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путиндин мураскери боюнча суроого Песков жооп берди
Алишер Усманов 1953-жылы Өзбекстандын Наманган районунун Чус районунда жарык дүйнөгө келген. Ал атактуу USM Holdings акцияларынын ээси, тагыраагы, "Метоллоинвест" жана "Мегафон" компанияларынын активдерин көзөмөлдөп турат. Бир нече жылдан бери Россия менен дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинен түшө элек. Анын байлыгы 12,6 миллиард долларга бааланары айтылат.

Усманов 1992-жылы көркөм гимнастчы Ирина Винерге үйлөнгөн. Жубайлар балалуу болушкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0