01:29 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
667 0 0

Трамп Вашингтон ирандык генералды өлтүрүү менен согушту токтотууга аракет кылганын билдирген. Ошол эле учурда президент АКШ Ирандын бийлигин алмаштырууну көздөбөгөнүн белгилеген.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп ирандык генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнөн кийин Иранга каршы аракеттерге даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Америкалыктарга кайсы бир жерде коркунуч туулса, мен тийиштүү аракеттерди жасоого даярмын. Бул бөтөнчө Иранга тиешелүү", — деген Трамп телекайрылуусунда.

АКШ башчысы Сулейманини "дүйнөдөгү номер биринчи террорчу" деп атап, америкалык дипломаттарга жана аскерлерге кол салууга күнөөлөгөн. Ал Вашингтон ирандык генералды өлтүрүү менен согушту токтотууга аракет кылганын билдирген. Ошол эле учурда Трамп АКШ Ирандын бийлигин алмаштырууну көздөбөгөнүн белгилеген.

Пентагон АКШ Ирактын Багдад шаарындагы аба майданда Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган генерал Касем Сулейманиге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктаган. Каза болгондордун арасында Сулейманиден тышкары кошуундун орун басары Абу Махди аль-Мухандис менен дагы бир нече офицер болгон. Аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигиндеги кол салууга күнөөлөгөн. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президенти Хасан Рухани генералдын өлүмү үчүн өч алууну убадалаган.

Тема боюнча

Путин менен Макрон ирандык генералдын өлүмүнө тынчсызданууда
Америкалык серепчи: Иран менен АКШны Путин гана эсине келтире алат
Белгилер:
билдирүү, жооп, Дональд Трамп, Иран, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ