Эркектей болуп ырда! Димаш бала кезинде шылдыңга кабылганын айтып берди

© Sputnik / Владислав ВодневКазакстандык ырчы Димаш Кудайбергенов. Архив
Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген уникалдуу үндүн ээси. Кытайдагы сынакка катышкандан кийин жылдызы жанып, ушу тапта атагы таш жарып турган учур.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген "Россия-1" телеканалынын "Привет, Андрей" берүүсүндө үнүнүн тембри үчүн шылдыңга кабылып келгенин айтып берди.

Димаш Андрей Малаховдун берүүсүнө 28-декабрь күнү катышкан. Андан бөлөк мейман катары аталган программага Филипп Киркоров, Лев Лещенко, Юрий Шатунов, Николай Басков, Лера Кудрявцева, Игорь Крутой жана башкалар чакырылган.

Казакстандык ырчы "Жылдын ыры" берүүсүн бала кезинен көрүп келгенин баяндап берген. Мындан тышкары, Малахов 12 жаштагы Димаштын ырдаганы жазылган казак телевидениесинин кадрларын көрсөткөн. Ырчы кичине кезинде үнү үчүн көп шылдыңга кабылганын эстеди.

"Короомдогу балдардын баары "кыздай болуп ырдайсың, үнүң эмнеге мындай" дешчү. Бизди сопрано менен ырдаганга үйрөткөн. Үнүм дискант кезинде да апамдай болуп ырдаганга аракет кылчумун. Балдар "эркектей болуп ырдачы" деп көп айтышчу. Анан үнүмдү жоонойтконго да аракет кылдым", — деген Димаш.

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген уникалдуу үндүн ээси. Кытайдагы сынакка катышкандан кийин жылдызы жанып, ушу тапта атагы таш жарып турган учур.

Жаңылыктар түрмөгү
0