Ельциндин кетип жатып Путинден өтүнгөн жалгыз суранычы белгилүү болду

© Sputnik / Владимир Родионов / Медиабанкка өтүү Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин жана азыркы президенти Владимир Путин. Архив
 Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин жана азыркы президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын биринчи президентинин кеңешчиси Ельцин эмнеге Путинди мураскер кылып тандаганын түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин өлкө башчылык тактыны Владимир Путинге калтырып жатып бир гана нерсени суранган. Бул тууралуу Ельциндин кеңешчиси Валентин Юмашев ВВС каналына берген маеги учурунда белгилүү болду.

Анын айтымында, Ельцинге кийинки президент совет менталитетинен оолак адамдын болушу маанилүү эле.

"Ал Владимир Путинден өзүнүн реформасын улап кете турган адамды көргөн. Экөөнүн ортосунда Ельциндин өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу боюнча келишим болгон деген кептер чындыкка туура келбейт. Ельцин Путин менен коштошуп жатканда "Россияны көздүн карегиндей сактагыла" деген гана сөз айткан", — деди Юмашев.

Борис Ельцин отставкасы тууралуу 1999-жылдын 31-декабрында жар салган. Дүйнө бул жөнүндө президенттин жаңы жылдык куттуктоосунда билген.

Жаңылыктар түрмөгү
0