11:17 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
 Амазониядагы токойдо чыккан өрт. Архивдик сүрөт

G7 мамлекеттери Амазониядагы токойдо чыккан өрттү өчүрүүгө 20 млн. евро бөлөт

© REUTERS / NACHO DOCE
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
103 0 0

Макрон "планетанын өпкөсүн" жоготуп алуу бул дүйнөнүн көйгөйү экенин белгилеген.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. G7 мамлекеттери Амазониянын токойлорунда чыккан өрттү өчүрүүгө тезинен 20 миллион евро жөнөтөт. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон билдиргенин РИА Новости жазды.

Макрон "планетанын өпкөсүн" жоготуп алуу бул дүйнөнүн көйгөйү экенин белгилеген.

"Бир дагы мамлекет бул биздин маселе эмес дей албайт. Ошол эле учурда ар бир мамлекеттин суверенитетин сыйлоо керек", — деди Франциянын президенти.

Амазониянын токойлорундагы ири өрт үч жумадан бери өчпөй жатат. Тилсиз жоо Бразилия, Венесуэла, Боливия, Колумбия, Аргентина, Парагвай, Перу, Чили мамлекеттеринин аймагына жайылууда.

Бул көйгөйгө дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу үчүн Твиттерде #PrayforAmazonia деген хештег менен билдирүүлөр жарыяланып жатат.

Тема боюнча

Муканов: быйыл өрт кырсыгы 18 пайызга азайды
ӨКМ: Бишкектеги кампадан чыккан өрт түн ортосунда өчүрүлдү
Белгилер:
өчүрүү, жардам, Өрт

ЭҢ МААНИЛҮҮ