Ымыркайлардын семирип кетүүсүнүн себеби айтылды

© AFP / PEDRO PARDOДесятимесячный ребенок Луис Гонсалес, который весит 28 килограммов
Десятимесячный ребенок Луис Гонсалес, который весит 28 килограммов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер Европадагы ар бир бешинчи бөбөк ашыкча салмактан жабыркай турганын билдирген.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Тежемел жана эмчек сүтүн дайыма эмбеген ымыркайлардын толуп кетүү кооптуулугу жогору. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун Европалык аймактык бюросунан билдиришти.

"Баланы канчалык көпкө чейин эмизсеңиз, толуп кетүүдөн ошончолук сактаган болосуз", — деп айтылат изилдөөдө.

Курение в общественных местах - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуу аял чылымды таштабаса, кесепети кандай болот? Адистин жообу
Адистер Европадагы ар бир бешинчи бөбөк ашыкча салмактан жабыркай турганын билдирген. Маалыматта кенже класстын окуучулары деп катталган (6-9) 13,7 млн. баланын ичинен 400ү ашыкча салмакта деп табылган. Бул аталган аймактагы 21 өлкөдө жашаган балдар боюнча берилген сандар экени маалым болду.

Мындай кооптуулуктан алыс болуш үчүн Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм баланы жок дегенде жарым жашка чыкканга чейин эмчек сүтү менен тамактандырууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0