Учуп бараткан учакты токтот деп... Самолёттогу окуя

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүГорода мира. Эйлат
Города мира. Эйлат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жинденген жүргүнчү учак 10 чакырым бийиктикте кетип баратканда анын эшигин ачууга аракет кылган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Италиянын тургуну учак менен Лондондон Пиза шаарына келе жатып, авариялык эшикти ачууга аракет кылган. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Ага ылайык, бул учурда самолёт 10 чакырым бийиктикте учуп бараткан.

Бишкектен облус, район, айылдарга канча сом менен барууга болот. Жол кире - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен облус, район, айылдарга канча сом менен барууга болот. Жол кире
Окуяга күбө болгон жүргүнчүлөрдүн айтымында, эшикти ачам деген киши алгач жини келип, калың пальтосун кийип ажатканага кирип кеткен. Ал жактан чыккандан кийин авариялык эшикти ачууга аракет кылган. Анын бул аракетине экипаж мүчөлөрүнүн бири кыйкырып, жүрөгү түшкөн айрым жүргүнчүлөр ыйлап башташкан.

Бир нече саамдан кийин тартип бузган жүргүнчүнү эркек кишилер креслого отургузуп, учак жерге конгонго чейин кармап барышкан.

Жүргүнчүлөрдүн эсин чыгарган кишини аэропорттон полиция тосуп алганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0