Грузия: кызылчадан эмделбеген балдар мектептен чыгарылмай болду

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүВакцинация от гриппа в Краснодаре
Вакцинация от гриппа в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызылча — аба аркылуу жуга турган жугуштуу оору. Анын алдын алуучу эң таасирдүү фактор болуп вакцинация эсептелинет.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Грузияда кызылчадан эмделбеген мектеп окуучулары, студенттер жана бала бакчага барган наристелер окуу жайдан чыгарылат. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик программаларды башкаруу департаментинин жетекчиси Екатерина Адамияга таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, 21-январга карата Грузияда кызылча менен ооруган 430 адам катталган.

"Дартка кабылгандардын басымдуу бөлүгү 20-40 жаштагылар. Кызылча оңой жугат. Анын жапырт жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өкмөт бир катар иш-чараларды өткөрүү жөнүндө жарлык чыгарды", — деди Адамия.

Жетекчинин айтымында, Грузиянын ар кыл структуралары массалык эмдөө жүргүзүүгө милдеттендирилди. Бул өзгөчө 1 жаштан 19 жашка чейинкилерге тиешелүү. Ал эми бала бакчалар, мектеп жана башка окуу жайлар эмделгени тууралуу справка талап кылууга толук укугу бар.

"Эгер тийиштүү документтер көрсөтүлбөсө, окуу жайларга айрым санкцияларды киргизүүгө туура келет. Эгер толугу менен эмделбеген адам кайра бир ирет ийне албаса, Билим берүү министрлиги аны окуу жайдан чыгаруу маселесин карайт", — деди Адамия.

Кызылча — аба аркылуу жуга турган жугуштуу оору. Анын алдын алуучу эң таасирдүү фактор болуп вакцинация эсептелинет.

Жаңылыктар түрмөгү
0