Окумуштуулар: гаджетти көп караган баланын мээсинин структурасы өзгөрөт

© AP Photo / Kathy WillensВлияние смартфонов на детей
Влияние смартфонов на детей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар узак убакыт бою 4,5 миң баланын маалыматтарын текшерген.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. АКШнын Улуттук саламаттык сактоо институтунун окумуштуулар тобу гаджеттер баланын мээсинин өрчүшүнө кандай таасир берерин аныкташты. Алардын изилдөөсүн The Telegraph басылмасы жарыялады.

Сейилдеп жүргөн түгөй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бекем үй-бүлө болушу үчүн түгөйлөргө канча жыл керектиги айтылды. Иликтөө
Көп жылдык иликтөөнүн алкагында америкалык окумуштуулар компьютер менен уюлдук аппараттын терс таасирин аныктоо үчүн 9-10 жаштагы 4,5 миң баланын маалыматын текшерген. Балдар эки топко бөлүнгөн. Биринчилери күнүнө эки гана саат гаджет колдонсо, экинчилериники жети саатка созулган.

Анализдин жыйынтыктары монитордун алдында жети сааттан ашык отурган баланын мээ структурасы өзгөрөрүн көрсөткөн. Мунун айынан баланын мээси кийин эрте карышы мүмкүн.

Ошондой эле окумуштуулар баланын канында дофаминдин деңгээли жогорулаганын байкашкан. Эксперттер белгилегендей, аталган гормондун көп убакыт бою иштелип чыгышы баланы психикалык жактан жабыркатып, дене боюнун өсүшүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0