БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Франциянын Страсбург шаарынын борборунда октон үч киши каза болуп, дагы 12 адам жабыркаганын РИА Новости өлкөнүн ички иштер министри Кристоф Кастанерге шилтеме берип жазды.
Жабыркаган алты кишинин абалы оор экени айтылууда.
Video of police on the scene in Strasbourg after gunfire was reported#France #Strasbourg pic.twitter.com/XWf35oyMny
— CNW (@ConflictsW) 11 декабря 2018г.
Элге ок чыгарган адам такси менен из жашырып кеткен. Айдоочу ага түшкөн эркек киши террорчулукка каршы Sentinelle операциясынын жоокерлери менен атышуудан кийин жаракат алганын айтып берген. Шектүү киши буга чейин да куралчан кол салган кылмышкер катары белгилүү. Анын үйүн тинтүүдө гранаталар табылган.
RT PrisonPlanet: RT BreakingNLive: DEVELOPING: Situation in central Strasbourg, France remains active as gunman/gunman is/are on the run after numerous people were shot at a Christmas Market. Reports of up to 5 people shot.pic.twitter.com/iCceck4fwM
— Parsival2112 (@Parsival2112) 11 декабря 2018г.
Жергиликтүү элди үйдөн чыкпоого чакырышты. Полиция шаардын борборундагы элди эвакуациялаган. Калаанын чок ортосу тосулуп, автобус менен трамвайлар токтотулду. Европарламент жабылып, кызматкерлер менен депутаттардын сыртка чыкпоосу керектиги айтылды.