Жер планетасы үчүн кооптуу делген астероиддин видеосу жарыяланды

© Фото / NASA's Goddard Space Flight Center/University of ArizonaСнимок астероида Бенну, который считается опасным для Земли
Снимок астероида Бенну, который считается опасным для Земли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Космостук кеме астероидди тартыш үчүн эки миллиард миль аралыкты басып өткөн.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. NASA жер планетасы үчүн кооптуу деп эсептелген Бенну астероидин видеого тартып Twitter баракчасына жарыялады.

Видео OSIRIS-REx космос кемесинин PolyCam камерасына тартылган.

"Астероид Беннуга салам! Биздин космостук кеме сени менен жолугушуу үчүн эки миллиард миль аралыкты басып өттү. Борттогу камера астероиддин айланып жатканын тартып алган. Беннуну иликтөөгө бир жылдай убакыт кетет, андан соң үлгүсү алынып Жерге жеткирилет", — деп видеонун алдына жазылган.

​Космостук кеме астероидди беш илимий жабдыктын жардамы менен иликтейт. Үлгүсү 2023-жылдын сентябрь айында Жерге алынып келери белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0