БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүгө караган түнү Москванын "Курская" метросунда белгисиз киши полиция кызматкерин атып салган.
РИА Новости агенттигинин маалымдашынча окуя ажатканада болгон. Бөлмө тазалаган кызматкер аял катуу үндү угуп басып келгенде, ал жактан шектүү адам чыккан. Москванын тергөө комитети окуянын видеосун жарыялады. Анда бөлмө тазалагыч бери басып келе жатканын, бул учурда кабинкадан кепка кийген киши чыгып аял менен сүйлөшүп, андан кийин метрого түшүп кеткенин көрүүгө болот. Аял бейтааныш киши менен сүйлөшкөндөн кийин бери басып келип, колундагы чака менен тряпкасын таштап ары чуркаганын көрүүгө болот.
Окуя болгон жерде 1995-жылы туулган полициянын сержанты башына ок жеп каза болгон.
"РЕН-ТВ" телеканалынын маалыматы боюнча полиция кызматкери бейтааныш кишини кармоого аракет кылганда ал ага карата ок чыгарып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Кийин тергөөчүлөр "Сирена" атайын операциясынын алкагында шектүү кишини кармаган. Ал эми "Московский Комсомолец" гезити жазгандай кармалган киши Оренбург шаарынын тургуну Нурлан Муратов болуп чыккан. Ал Оренбургдагы момпосуй чыгарган фабрикада иштейт. Кийин метронун кызматкери шектүү кишини тааныган.
Опубликовано фото подозреваемого по делу об убийстве полицейского на станции метро "Курская". В настоящий момент мужчина объясняет причины своего поступка следователям.
— Москва 24 (@infomoscow24) September 3, 2018
Фото: https://t.co/84UjEDl378 pic.twitter.com/hG1Qbsb9Lm
Муратов адам өлтүрүүгө тиешеси жок экенин билдирүүдө. Тергөөчүлөр ок атылган куралды табышкан эмес.
Ал ортодо социалдык тармактарга Муратовдун паспорту жарыяланып ал Ош облусунун Кара-Кулжа айылында туулганы көрсөтүлгөн. Бирок сүрөттөн ал паспорт Россияныкы экенин боолголоп кароого болот.