Эркектердин төшөктөгү "жашоосун" узарткан диета табылды

© AFP / PHILIP FONG Кучакташып турган жаштар. Архив
Кучакташып турган жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кардиологдордун пикиринде мындай азыктар кандын жүгүрүүсүн жакшыртат. Ал эми бул нерсе эркектин жыныстык органдарынын иши үчүн өтө маанилүү.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Балык, зайтун, баклажан, болгар калемпири, күрүч, цукини, сарымсак сыяктуу азык-түлүктөрдү көп жеген эркектер импотенциядан оолак болот. Бул тууралуу Европалык кардиологдор бирикмесине шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Праздник День любви к жене в Токио - Sputnik Кыргызстан
Психологдор "бир көрүп сүйүп калуу мүмкүнбү" деген суроого жооп табышты
Адистердин айтымында, жер ортолук деңиз аймагынын жашоочулары көбүнесе ушул азыктар менен тамактанып, эркектер улгайып калган учурда дагы төшөк маселеси боюнча өзүнө нааразы болбойт.

Дарыгерлер дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жашы 60тан ашкан 3 миңдей эркектен жыныстык жашоосу тууралуу сурамжылаган. Жыйынтыгында жер ортолук деңиздеги өлкөлөрдө жашаган эркектердин басымдуу бөлүгү орто эсеп менен 67 жашка чейин импотенция жана ушул сыяктуу жыныстык илдеттерге кабылбаганын айтышкан.

Кардиологдордун пикиринде, мындай азыктар кандын жүгүрүүсүн жакшыртат. Ал эми бул нерсе эркектин жыныстык органдарынын иши үчүн өтө маанилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0