Москвада Борбор Азиядан баргандар тобу менен мушташты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи применения физической силы в КР
Случаи применения физической силы в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушташка болжол менен 40тай киши катышкан.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Москвада Борбор Азиядан баргандар тобу менен мушташканын vesti.ru билдирди.

Ага ылайык, окуя 4-августта "Добрынинская" метросунун жанында болгон.

Мушташкан күбө болгон жарандын айтымында, ага катышкан 40тай кишинин көбү таксити болгон.

"Башында сүйлөшүп, күлүп жатышкан. Андан кийин эле ары-бери чуркап, бири-бирин кууп калышты. Кандай тез чогулуса ошондой эле тарап кетишти. Айрымдары сары түстөгү таксилерге отуруп кетишсе, кээси чуркаган боюнча кетти", — деди күбө.

Башка күбөнүн айтымында, эки киши жаракат алган. Алардын бирөө өз алдынча баса албай калгандыктан колтуктап алып кетишкен.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги укук коргоо органдарынан расмий маалымат түшпөгөнүн, бирок элчиликтин кызматкерлери окуяны иликтеп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0