Африкада үч россиялык жаран киши колдуу болду

© AFP / HAIDAR HAMDANIКуралчан адамдар. Архив
Куралчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдардын жанынан пресс-карталары табылган.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Борбордук Африка республикасына жумуш менен барып киши колдуу болгондор тартуу тобунун мүчөлөрү Орхан Жемаль, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко экени аныкталды. Бул тууралуу Ходорковскийдин иликтөө борборуна таянып РИА Новости жазды.

Велосипедчен туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандагы туристтердин өлүмү: ИИМ беш версияны карап жатат
Маалыматка ылайык, иликтөө борбору Африкага тартуу тобун жибергенин, анын курамында бир журналист, режиссер-документалист жана оператор бар экенин тастыктаган. Үч адамдын сөөгү Сибуттан 23 чакырым алыстыкта табылган. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова сөөктөрдү мекенине кайтаруу процесси болушунча тез жүрөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, Борбордук Африка республикасында бийликти өзүн мусулман тобу деп атаган “Селека” коалициясынын көтөрүлүшчүлөрү басып алган. Президенти деп Мишель Жотодия жарыяланган.

Кийинчерээк христиандык “Антибалака” аттуу агым пайда болуп, эки топтун ортосунда кандуу кагылыш болот. Натыйжада тынч жашаган эл кырылат.

2014-жылы “Селека” эл аралык коомчулуктун басымы менен бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп бергени менен зомбулугун токтоткон эмес. БУУнун ккийлигишүүсүнө карабастан уюмдардын ортосундагы кагылышуу уланып келет. Кол салууга жарандык объектилер, өлкөдө иштеп жаткан гуманитардык миссиянын өкүлдөрү дуушар болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0