Екатеринбургдагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты берилмекчи

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЕкатеринбург шаары. Архив
Екатеринбург шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан сырткары Уралдын борборунда "Гүлсарат" чыгармасындагы башкы каармандын эстелиги жасалып, ал кийинчерээк Чолпон-Ата шаарына орнотулат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Екатеринбургдагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты берилет. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын консулу Нурлан Алымбеков айтканын "Областная газета" басылмасы жазып чыкты.

Бишкекте 600 бала жөө жүрүшкө чыгып, Айтматовдун эстелигине гүл коюшту. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 600 бала жөө жүрүшкө чыгып, Айтматовдун эстелигине гүл коюшту. Видео
Анын айтымында, жаңы ысымдагы көчө "Академический" кичи районунда пайда болот. Мындан сырткары Уралдын борборунда "Гүлсарат" чыгармасындагы башкы каармандын эстелиги жасалып, ал кийинчерээк Чолпон-Ата шаарына орнотулат. Маалым болгондой эстеликтин ачылыш аземи көчмөндөр Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына туш келет.

Улуу жазуучунун 90 жылдыгына карата мындан сырткары Екатеринбургда көркөм адабий окуу, китептер көргөзмөсү жана илимий-тажрыйбалык конференция өтөт. Журналисттердин шаардык үйүндө Айтматов 1975-жылдын октябрь айында Свердловск шаарына келип кеткенин белгилеген эскерүү тактасы да пайда болот.

Эске салсак, июль айынын башында Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0