Окумуштуулар көпчүлүктүн электрондук чылымга өтүп жаткан себебин айтышты

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЭлектрондук чылым. Архив
Электрондук чылым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер бул чылым тууралуу өндүрүүчүлөрдүн "ден соолукка зыяны жок" деп айтканы чындыкка коошпой турганын аныкташты.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Окумуштуулар эмне үчүн акыркы жылдары тамеки чеккендер электрондук чылымга өтө баштаганын аныкташты. Аларды көбүнчө ар түркүн жыпар жыттар кызыктырарын британиялык наркологдорго шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Акыркы эки жылдын ичинде электрондук чылымдар популярдуу болуп кеткендиктен, илимпоздор алардын өзгөчөлүгүн жана пайда-зыянын иликтеп көрүүнү чечишкен.

"Сурамжылоо учурунда толугу менен электрондук тамекиге өтүп кеткен 20 миң адамдын басымдуу бөлүгү тамекинин жаңы түрүнүн жарып чыккан жыты кызыктырарын айтышты. Ошондой эле алардын көбү электрондук чылымга тыюу салынса, кайра эле кадимки тамекиге өтөрүн жашырган жок", — деп жазылат макалада.

Ошойдой эле адистер бул чылым тууралуу өндүрүүчүлөрдүн "ден соолукка зыяны жок" деп айтканы чындыкка коошпой турганын аныкташты.

Маалыматка караганда, электрондук чылымдын буусунун курамындагы заттар кан тамырды ичкертип, жүрөк кемтигинин пайда болушуна шарт түзүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0