Адистер галстуктун зыянын аныкташты

© AFP / JOEL SAGETМужчина завязывает галстук
Мужчина завязывает галстук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө 30 киши катышкан. Алардын жарымына галстук тагынып магниттик-томографиядан өтүү сунушталган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Галстукту такай тагынып жүрүү мээге кандын жакшы жетпей калышын шарттай. Мындай жыйынтыкка Германиянын Шлезвиг-Голштейн университетинин ооруканасынын адистери келишкенин Neuroradiology журналы жазып чыкты.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумабеков Жогорку Кеңештеги дресс-код тууралуу
Дарыгерлердин ырасташынча, галстук моюндагы кан тамырларды кысып организмде кандын эркин айлануусуна жолтоо болот.

Изилдөөгө 30 киши катышкан. Алардын жарымына галстук тагынып магниттик-томографиядан өтүү сунушталган. Калгандары жөн гана изилдөөдөн өтүшкөн. Томографиянын жыйынтыгында галстук тагынгандардын мээсине кан толук жетпей турганы аныкталган.

Андан сырткары, дарыгерлер акыркы учурда көпчүлүк жерде дресс-код бар экенин жана тик жакалуу көйнөк менен галстук тагынуу шарт экенин эске алып, иш берүүчүлөр кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүүсү керектигин эскертишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0