Египеттиктерди мазактаган чет элдик кыз 11 жылга кесилди

© Sputnik / Файед Эль-Гезири / Медиабанкка өтүүГорода мира. Каир
Города мира. Каир - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ливандын тургуну ал Каирге келген сайын жергиликтүү эркектер ага асылганынын айтып, жалпы элди маданиятсыз деп айыптаган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Каирдин соту Ливан мамлекетинин жараны Мона аль-Мазбухту жарыялаган видеосу үчүн 11 жылга соттогонун РИА Новости МЕНА маалымат агенттигине таянуу менен билдирди.

Аль-Мазбух буга чейин тараткан видеосунда египеттиктердин дарегине бир катар жаман сөздөрдү айткан болчу. Ал Каирге келген сайын жергиликтүү эркектер ага асыларын, жаман көздөрү менен карап ороңдой турганын билдирген. Бул нерсе өлкө тургундарынын маданияты жоктугун жана замандан артта калганын көрсөтүп турарын белгилеген. Кийин ал бул видеосун өчүрүп, жалпы египеттиктерден кечирим сураган.

Instagram социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар Instagram адамдын саламаттыгына эң зыян соцтармак экенин аныктады
Ал ошондой эле айткан кеби ага жаман мамиле жасагандарга гана тийиштүү экенин кошумчалаган.

Ага карабастан Мона аль-Мазбухтун видеосу Египетте нааразычылыктарды жараткан. Көпчүлүк жарандар аны жоопко тартып, соттоо керектигин айтып чыгышкан.

Ливандын жараны Башкы прокуратуранын буйругу менен 1-июнда Египеттен чыгып баратканда кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0