00:00 19 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Кирпи. Архив

Шотландияда семиз кирпини кармап алгандар аны диетага отургузуп салышты

© Sputnik / Евгений Биятов
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
154 0 0

Арбакл 2,5 килограмм болуп кетиптир, бул көрсөткүч адаттагы салмактан төрт эсе көп дешкен адистер.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Абердиншир облусундагы жаныбарларды сактоо борборунун кызматкерлери Улуу Британиядагы эң салмактуу делген кирпи чеченди таап алышты. Бул туурасында Upi сайты кабарлаган.

Өткөн күздө жергиликтүү калк чочубай, улам элге келе берген кирпи чеченге тамак берүүнү салтка айлантып алышкан. Арбакл аттуу ысым ыйгарылган бул жаныбар толуп кеткендиктен кыймылдабай албай, тоголонуп калган.

"Арбакл 2,5 килограмм болуп кетиптир, бул адаттагы салмактан төрт эсе көп", — деп айтышкан аталган борбордун кызматкерлери.

Алар эгерде кирпи чечендин тамагын тартып берип, диетага отургузбаса, жапайы жаратылышта жашап кете албай кала тургандыгын айтышкан.

Адистер тамак-аштан тартылган жаныбардын салмагы эми азаят деген ишенимде турушат.

Жапайы жаратылышта жаныбарлар жашоо үчүн күрөшкөн ирмемдер абдан көп. Жакында эле түлкү менен бүркүттүн тамак талашкан кармашы видеого түшүп калган. 

Тема боюнча

Бүркүт менен түлкүнүн олжо талашкан кармашы. Видео
Белгилер:
кирпи, диета, жаныбарлар, Шотландия

ЭҢ МААНИЛҮҮ