13:38 25 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2440
  • EUR79.6305
  • RUB1.0791
BMW автоунаасы. Архивдик сүрөт

Нигериялык киши атасын табыттын ордуна 88 миң долларлык унаа менен жерге берди

© AP Photo / David Zalubowski
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
46310

Уулу атасынын көзү барында BMW үлгүсүндөгү кымбат баалуу унаа белек кылууну убадалап, бирок ага жетишпей калган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Нигерияда колунда бар киши көзү өткөн атасын табыттын ордуна кымбат унаанын ичинде жерге берди. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Азубуике атасынын көзү барында мыкты унаа белек кылуунун убадалап, бирок ага жетишпей калган. Киши дүйнө салгандан кийин уулу жергиликтүү автосалондон 88 миң долларга BMW сатып алган.

​Машина жергиликтүү тургундар казып даярдап койгон чоң чуңкурга салынган. Жерге берүүнүн өзгөчө зыйнатынан тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга желдей тарап кетти. Көпчүлүк үчүн мындай кадам өөн учурап, ири суммадагы каражаттын жумшалышына сын айтылды. Алардын айтымында, уулдун аракети акылга сыйгыс иш болгон.

"Эгер ушунчалык эле бардар адам болсоңуз, кымбат унааны ата-энеңиздин көзү тирүүсүндө сатып берсеңиз болмок. Өлгөндө кадимки эле табытта көмбөйт белеңиз. Жөн гана обу жок мактанчаактык болуп калыптыр", — деп жазган адамдар.

Пайдалануучулар буга жумшалган акчаны алда канча пайдалуу колдонууга болмоктугун белгилешти.

Тема боюнча

Испанияда абакта өлдү деген киши моргдон "тирилип" кетти
Белгилер:
унаа, табыт, Нигерия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ