Instagram дүйнө жүзү боюнча жакшы иштебей жатат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүInstagram тиркемеси. Архив
Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактардын колдонуучулары шейшемби күнү эртең менен арыздана баштаган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча Instagram сервисинин иши үзгүлтүккө учурап жатканы байкалууда. Бул тууралуу интернет ресурстардын ишине көз салган Downdetector баракчасына жарыяланды.

Мессенджер WhatsApp на экране смартфона - Sputnik Кыргызстан
WhatsApp акчаны да, убакытты да үнөмдөгөн жаңы функцияны ишке киргизди
Маалыматка караганда, шейшемби күнү эртең менен социалдык тармактардын колдонуучулары тиркеме жакшы иштейбей жатканын айтып, арыздана баштаган.

Мүчүлүштүк боюнча АКШ, Европа, Аргентина жана Австралиянын жарандары айтып чыгышкан. Кийинчерээк көйгөй Жаңы Зеландия, Сингапур, Индонезия, Россия жана КМШ өлкөлөрүнөн байкалган.

Жалпы колдонуучулардын 40 пайызы жаңылыктар баракчасы ачылбай жатканын айтса, дагы 30 пайызы аккаунттарына кире албай жатканын маалымдашкан.

Көйгөйдүн себептери айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0