15:50 15 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Төшөктө уктап жаткан кыз. Архив

Окумуштуулар дем алышта кеч туруунун пайдасын айтып беришти

© CC BY 2.0 / Quinn Dombrowski / Dreaming of Andy
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
947 0 0

Алты саат уктоону адат кылгандар эрте көз жумушу мүмкүн деген тобокел тобуна кирсе, ишемби же жекшемби күнү бир саат болсо да көбүрөөк уктагандар көп жашоо боюнча баш оорутпай койсо да болот экен.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Дем алыш күндөрү адаттагыдан кечирээк ойгонуп, андан сырткары дагы бир саат төшөктө жата туруу эрте өлүмдүн алдын алат. Бул туурасында Journal of Sleep Research басылмасы жазган.

Стокгольм университети менен Каролина институтунун окумуштуулары 43 000 кишиге 13 жыл бою тажрыйба жүргүзгөн.

Күнүнө алты-жети сааттан өткөрбөй уктоо ден соолукка жана адамдын картаюусуна терс таасирин тийгизет. Окумуштуулар адам эгер узак жашагысы келсе, өз убагында уктоого өтө маани бериши керек дешет.

Алты саат уктоону адат кылгандар эрте көз жумушу мүмкүн деген тобокел тобуна кирсе, ишемби же жекшемби күнү бир саат болсо да көбүрөөк уктагандар көп жашоо боюнча баш оорутпай койсо да болот экен.

"Изилдөөнүн жыйынтыгы иш күндөгү аз уйкунун ордун эс алган күндөрү ашыгыраак уйку менен толтурса болорун көрсөттү. Мындай тартип ден соолуктун жаш өткөн кезде аксашын жайгарып, жөндөйт экен. Андыктан бир жумада канбай калган уйкунун "планын" аптанын аягында толтурса болот", — дешти окумуштуулар.

Анткен менен изилдөө 65 жаштан өйдө курактагы адамдардан уйку менен узак жашоонун ортосундагы байланышты көрсөткөн эмес. Муну окумуштуулар улгайгандардын уктаганга, эс алганга убактысы көп болгондугу менен байланыштырды.

Интернетте буга чейин түн уйкудан калуу кандай ооруларды чакырарын окумуштуулар айтып берген маалымат чыккан.

Тема боюнча

Окумуштуулар түн уйкудан калуу кандай ооруларды чакырарын айтты
Медиктер жүрөктүн "өмүрүн" кантип узартуу керектигин айтып беришти
Белгилер:
изилдөө, уйку, Окумуштуулар, өлүм

ЭҢ МААНИЛҮҮ