Кранды селкинчек кылган жумушчунун бийиктен кулаган видеосу тарады

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКурулуш краны. Архив
Курулуш краны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Россиянын Санкт-Петербурга шаарында болгон. Селкинчек "тээп" жаткан жигиттин колу жылмышып, жерге кулаган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында курулуш жүрүп жаткан жерде крандын учуна асылып алган жумушчу кырсыктады.

Видео YouTube каналына жарыялаган. 

Жаш жигит үй курууда пайдаланылган крандын учундагы тросту кармап алып, ары-бери чайпалып жаткандыгын көрүүгө болот. Бир аздан кийин колу жылмышып кетип, жерге кулаган.

Маалыматта "парашютчу-жигит" катуу жабыркап, башы жарылып ооруканага түшкөнү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0