08:51 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Океан жээгиндеги дельфиндердин өлүктөрү. Архив

Австралияда 150дөн ашык дельфин жээкке чыгып калды. Жүрөк өйүгөн видео

© AP Photo / MAVIS BURGESS
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
482 0 0

Учурда жаныбарлардын болгону 15тейи гана тирүү

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Австралиянын түштүк-батышында жайгашкан Хэмелин булуңунда 150дөн ашык кара дельфиндер жээкке чыгып калганын News.com.ua басылмасы билдирди.

Ага ылайык, деңиз жаныбарларын жума күнү эртең менен Огаста шаарынан анча алыс эмес жерден табышкан. Алардын дээрлик көбү өлүп, болгону 15тейи гана тирүү калган.

Жаратылышты коргоо кызматы катуу шамал менен жаан болсо дельфиндерди деңизге коё берүү жеңил болорун айтышууда.

Шаар бийлиги өлгөн дельфиндер жээкке акулалардын агылып келишин шарттай турганын элге эскертти.

Ушундай эле көңүл ооруткан окуя былтыр Жаңы Зеландияда да катталган. Анда жээкке 400дөй кара дельфин чыгып калып, 200дөйү гана куткарылган болчу.

Тема боюнча

Жаңы Зеландияда жээкке чыгып калган дельфиндердин жарымы гана аман калды
Жаңы Зеландияда 400дөй дельфин океан жээгине чыгып калды
Белгилер:
океан, жээк, дельфин, Австралия

ЭҢ МААНИЛҮҮ