05:55 10 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.0500
  • EUR91.1694
  • RUB1.0463
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
74710

Илимпоздор келемиштер менен чычкандарды суткасына тогуз сааттап радиотолкундарда кармашкан

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Мобилдик телефондордон чыккан радиотолкундар эркек келемиштерде рактын жаралышына таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн АКШлык окумуштуулар айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Токсикология боюнча Америкадагы улуттук программанын алкагында окумуштуулар аталган мамлекеттин саламаттыкты сактоо жана социалдык клубу менен биргеликте изилдөө жүргүзгөн.

Илимпоздор келемиштер менен чычкандарды суткасына тогуз сааттап радиотолкундарда кармашкан. Алар салмагы бир килограммга чейинки келемиштерге кубаты 1,5дан алты Ваттка чейин, ал эми чычкандарга 2,5дан 10 ваттка чейинки нурлануу беришкен. Бул тажрыйба 2 жылга чукул уланган. Анын алдын ала алынган жыйынтыктары аталган программанын сайтына жарыяланган.

Окумуштуулар эркек келемиштерде жүрөктүн айланасындагы нерв клеткаларында залалдуу шишиктин ткандары пайда болгондугун байкашкан. Мындай көрүнүш чычкандарда кезиккен эмес. Андан сырткары, келемиштердин жүрөгүнүн иштешинен кемчиликтер табылган.

"Нурлануу адамдар мобилдик телефондорду пайдалангандыктан да кубаттуу жана көпкө чейин болду. Радиотолкундарга андан сырткары жаныбарлардын денесинин бир бөлүгү гана эмес бардыгы кабылган", — деп айтып беришти изилдөөчүлөрдүн бири Жон Бучер.

Буга чейин Манчестер университетинин окумуштуулары тамак-аш жылыткан микротолкундуу мештердин айлана-чөйрөгө кандай таасир тийгизерин аныктап чыгышкан. Аталган маалыматта окумуштууларды түйшөлдүргөн дагы бир маселе — аларды жок кылуу болуп тургандыгы айтылган.

Тема боюнча

Ар бир сегизинчи кыргызстандык дүйнөнү Instagram менен тааныйт: кызыктуу 9 факты
Белгилер:
уюлдук телефон, нур, Окумуштуулар

ЭҢ МААНИЛҮҮ