Гавайини ракета "жок кыла" жаздады. Элди чуру-чуу түшүргөн билдирүүнүн чоо-жайы

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүГавайи. Архивное фото
Гавайи. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Штаттын губернатору мындай абал жооптуу кызматтын өкүлүнүн катачылыгынан улам кеткенин айтып, тургундардан кечирим сурады

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби күнү АКШнын Гавайи штатына баллистикалык ракета учуп келе жатканы боюнча маалымат тарап, кишилерди тез арада баш паанек таап сактанууга чакырышкан. Ошондой эле бул атайын окуу эместиги эскертилип, жергиликтүү эл дүрбөлөңгө түшкөнүн РИА Новости агенттиги билдирди.

Журналист Сара Доншей ата-энеси кабатырланып жазган билдирүүдөн улам ойгонгон.

​"Менин ата-эне түштүк жээкте жашачу. Алар гаражга кирип жашыныптыр. Апам менен сиңдим ыйлап жатты. Жалган билдирүү экен, ошентсе да көпчүлүктү дүрбөлөңгө салды", — деп Twitter баракчасына жазган.

Голливуд актеру Жим Керри бул кабарды "акылдан айныгандык" деп сыпаттады.

​"Мен бүгүн Гавайиде ойгондум, 10 мүнөттүк эле өмүрүм калыптыр", — деп Twitter баракчасына жазды.

Жергиликтүү депутат Мэттью Лопрес бул билдирүү чын экен деп кабыл алып, өзөктүк бомба анын үйү турган жерге чейин жетерин укканда аябай коркконун билдирди. 

"Балдарым менен ваннага кирип жашынып, Кудайга жалынып жаттык. Тууган-туушкандарга да жашынгыла деп билдирүү жазып, чалып да чыктым", — деди депутат.

Жергиликтүү Star Advertiser басылмасынын журналисттери жарандар билдирүүнү алгандан кийин штаттын негизги көчөлөрү токтоп калганын жазды. Айдоочулар менен жүргүнчүлөр машинадан түшө качып, жакынкы көпүрө жана тоннелдерге барып жашынган.

​Бул жалган билдирүү экени 38 мүнөт өткөндөн кийин гана төгүндөлгөн. Штаттын губернатору Дэвид Айдж мындай абал жооптуу кызматтын өкүлүнүн катачылыгынан улам кеткенин айтып, туура эмес баскычты басканын кошумчалап, тургундардан кечирим сурады.

Америка бийлиги окуя боюнча тергөөнү баштады, өлкө президенти Дональд Трамп ракета боюнча жалган билдирүү мындан кийин кайталанбайт деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0