Жаңы жылдык "балатынын" космостон тартылган сүрөтү

© NASAНеобычное полярное сияние сняли с борта МКС
Необычное полярное сияние сняли с борта МКС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөт кадимки фотоаппараттын жардамы менен тартылган

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Россиялык космонавт Сергей Рязанский Эл аралык космос станциясынан жаңы жылдын символу болгон "балатынын" элеси түшүрүлгөн сүрөттү жарыялады.

Ал сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

​"Үйдө, жерде болгонума абдан кубанычтамын. Жаңы жылдын жакындап калганы абдан сезилип жатат. Керек болсо Сауд Аравиясынын үстүнөн тартылган сүрөттө дагы майрамдын символу болгон балатынын сөлөкөтүн көрүүгө болот", — деди космонавт.

Рязанский өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жер шарынын орбитасынан тартылган түрлүү сүрөттөрдү жүктөп келет. Мындай сүрөттөр кадимки эле фотоаппараттын жардамы менен тартылган.

Ал буга чейин Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0