Путин Петербургдагы террорчулар жөнүндөгү маалымат үчүн Трампка ыраазы болду

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда. Архив
Россия президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү Россиянын укук коргоо органдары Санкт-Петербург шаарында теракт уюштуруп жаткан "Ислам мамлекетинин" тарапташтарын колго түшүргөн

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Петербургда теракт уюштурууну пландап жаткан террорчулар жөнүндө ЦРУнун берген маалыматы үчүн Дональд Трампка телефондук сүйлөшүү маалында ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Телефондук сүйлөшүү Россия тараптын демилгеси менен ишке ашты.

"Путин АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) тарабынан берилген ыкчам маалымат Санкт-Петербург шаарындагы Казан собору жана башка эл чогулган жерлерге жардырууларды уюштургусу келген террорчулардын изине түшүп, аларды кармоого жардам бергенин айтты. Ошондой эле ал ЦРУнун директоруна жана кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди", — деп айтылат Кремлдин маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Наезд грузовика на толпу людей в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Манхэттендеги теракт: Өзбекстанда туулган кишиге айып тагылды
Жума күнү Россиянын укук коргоо органдары Санкт-Петербург шаарында теракт уюштурууну пландаган "Ислам мамлекетинин" тарапташтарын колго түшүргөн.

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, жашырынып жүргөн топко чет өлкөдө турган жетекчилери Telegram аркылуу буйрук берип келген.

План боюнча жан кечти 16-декабрь күнү өзүн шаардагы маданий борборлордун биринде жардырмак. Топтун жети мүчөсү 13-14-декабрь күндөрү кармалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0