Американын тургуну жааган карга катуу сүйүндү. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКар менен ойноп жаткан адам. Архив
Кар менен ойноп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган видео бир күндө социалдык тармакта 9,5 миңден ашык жолу бөлүшүлгөн.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШнын Луизиана штатынын тургуну ДаКуан Беллард шаарда сейрек жааган карга сүйүнүп, аны видеого тартып Twitter баракчасына жүктөгөн. 

Аталган видео бир күндө эле социалдык тармакта 9,5 миңден ашык жолу бөлүшүлгөн. 

​Видеодо жайдары афроамерикалык Ванесса Карлтондун A Thousand Miles деген ырына көчөдө бийлеп, көйнөгүн да чечип жиберген. 

"Мен Луизианаданмын бул жакта дайыма эле кар жаай бербейт", — деп ал тарткан ролигинин алдына жазып койгон. 

Танцующий, как Майкл Джексон, узбекистанец покорил Сеть - Sputnik Кыргызстан
Майкл Жексондун өзүндөй бийлеген өзбекстандык киши интернетти багындырууда
Аталган видеоролик көп адамга жаккан. Анын ичинде ырчы Ванессе Карлтон өзү да видеонун алдына билдирүү жазып, Белларддын видеосу анын ырына төп келээрин кошумчалаган. 

Быйыл АКШнын бир катар түштүк штаттарына кар жааган. Мындан улам Луизиана штатынын 60 миңге чукул адамы электр жарыгы жок калышкан. Штаттын бийлиги элге катуу бороон токтогуча унааларды айдабай, үйдөн чыкпай турууну суранган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0