Өрттөнгөн токойдо коенду сактайм деп чебелектеген кишинин видеосу

© REUTERS / David McNewАмериканын Калифорния штатындагы токойдогу өрт
Американын Калифорния штатындагы токойдогу өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече убакыттан кийин ал коенду өрттөн чыгарып, бооруна кысып алып кеткен

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Американын Калифорния штатында эркек киши токойду каптап, шатырап күйгөн жалындын жанында чебелектеп чуркап жүрүп, коенду куткарып алды. Бул видео Eyewitness News порталынын Twitter баракчасына жарыяланган.

Күйүп жаткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күбө: айдоочу күйүп жатканда биз эч нерсе кыла алган жокпуз
​Видеодо чолок шымчан киши өрткө чулганган жерде коркуп чуркап жүргөн жапайы коенду кармоого аракет кылып, далбастап, алакандарын чапкылап, колдорун жаңсап чуркап жүргөнүн көрүүгө болот. Бир нече убакыттан кийин ал коенду өрттөн чыгарып, бооруна кысып алып кетип баратканы кайдыгер калтырбай турган кадрлардан болгон.

Американын түштүгүндөгү Калифорния штатындагы улам күчөгөн өрттөн улам 200 000 адам эвакуацияланды. Тилсиз жоо 200гө чукул курулушту жок кылган. Баарынан көп Вентура округу жабыркап, 37 гектар жерди жалын каптаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0