БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Япония 2020-жылы айга астронавттарды учурууга ниеттенип жатат. Бул туурасында РИА Новости "Иомиури" басылмасына таянып кабарлады.
Эл аралык долбоорго катышкан Япон астронавттары башка катышуучуларга аба кемесинин айга отургузууга илимий жактан көмөк көрсөтүп, андан сырткары транспорттук космос кемелериндеги аба менен сууну тазалоого жардам кылмакчы.
Басылма, ошентип Япония өкмөтү айдын үстүңкү катмарына коно турган миссияга катышып гана тим болбостон, эл аралык аренада космос тармагындагы атаандаш мамлекеттердин бири болуп калуу алдында турат деп жазды.
NASA жана ага өнөктөш болгон космостук бир катар агенттиктер Deep Space Gateway деп аталган жашоо чөйрөсүн калыптандыра турган модулдун курулушун баштоо алдында турат. Бул иштер айдын айланасына жакын орбитада 2020-жылдары башталмакчы.