Бегимай Карыбекова барбай калган "Дүйнө сулуусу" наамын индиялык бийкеч алды

© AFP / NICOLAS ASFOURI "Дүйнө сулуусу — 2017" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү индиялык Мануши Чхиллар
Дүйнө сулуусу — 2017 сулуулар сынагынын жеңүүчүсү индиялык Мануши Чхиллар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан сулуусу — 2017" титулун багындырган Бегимай Карыбекова виза маселесинен улам бул сынакка бара албай калган

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кытайда өткөн "Дүйнө сулуусу — 2017" сулуулар сынагында индиялык Мануши Чхиллар алтын таажыга ээ болду. Бул туурасында сынактын Twitter баракчасына жарыяланды.

​Баш байгеге ээ болгон бийкеч 20 жашта.

Экинчи орунду мексикалык Андреа Мезу алса, коло байге британиялык Стефани Хиллге буюрган. Сулуулардын сынагы 20-октябрдан 19-ноябрга чейин уланып, финал ишемби күнү Кытайдын Санья шаарында өткөн.

​Ал эми Индонезия, Россия, Түштүк Корея, Ямайка, Түштүк Африка, Кения жана Франциядан барган селкилер алдыңкы ондукка кирген. Негизги сыйлык үчүн 156 мамлекеттен барган сулуулар ат салышкан.

"Кыргызстан сулуусу — 2017" титулун багындырган Бегимай Карыбекова виза маселесинен улам кечигип, бул сынакка бара албай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0