Суу жок экен, мейли эми! Трамп Ак үйдө сүйлөп жатып суу таппай калды

© REUTERS / JOSHUA ROBERTSАКШнын президенти Дональд Трамп
АКШнын президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ лидери 2013-жылы республикачы сенатор Марко Рубиону бөтөлкөдөн суу ичкендиги үчүн катуу сынга алган. Буга байланыштуу азыркы видео интернетте кызуу талкуу жаратууда

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп сөз сүйлөп жатып бир нече ирет бөтөлкөдөн суу ичип алаксыган видео интернетте кызуу талкууланып жатат. Бул тууралуу CBS News телеканалы жазып чыкты.

Күлкүлүү окуя америкалык лидер Ак үйдө Азияга болгон 12 күндүк сапары тууралуу журналисттерге айтып берип жатканда болгон. Ал сүйлөп жатып эле суу издеп, трибунанын ылдый жагын карап кирген.

​"Суу жок экен, мейли эми", — деп Трамп жылмайган.

Синдзо Абэ Дональд Трамп менен гольф ойноп жатып аңга кулап кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Синдзо Абэ Дональд Трамп менен гольф ойноп жатып аңга кулап кетти. Видео
Журналисттер суу анын жанындагы эле столдо турганын айтышкан. Кийин Трамп бөтөлкөдөн эки ирет суу ичип сөзүн улаган.

АКШ лидери 2013-жылы республикачы сенатор Марко Рубио бөтөлкөдөн суу ичкендиги үчүн катуу сынга алган. Буга байланыштуу азыркы видео интернетте кызуу талкуу жаратууда.

"Марко Рубио мындан кийин сууну бөтөлкөдөн эмес стакандан ичиши керек. Негативдүү эффект азыраак болот", — деп Трамп өз учурунда билдирген.

Рубио АКШ лидеринин аракетине өз пикирин билдирип, ага кеңеш дагы айтты.

​"Сууну кантип ичүү керектигин үйрөнүш керек окшойт. Муну дайыма бир кыймыл менен жасап көздү камерадан албаш керек", — деп сенатор өзүнүн Twitter баракчасына жазган.

Бриффинг учурунда Трамп Азиянын беш мамлекетине болгон сапарынын бардыгы ийгиликтүү өткөнүн маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0