Криштиану Роналду төртүнчү ирет ата болду

© AFP / Glyn KIRKНападающий Реал Мадрида и Португалии Криштиану Роналду
Нападающий Реал Мадрида и Португалии Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболчунун сүйүктүүсү испаниялык модель Жоржина Родригес кыз төрөдү

БИШКЕК, 13-ноя. Sputnik. Португалия курама командасынын жана мадриддик "Реал" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду төртүнчү жолу ата болду. Бул тууралуу футболчу өзүнүн социалдык баракчасынан кабарлады.

A Alana Martina acaba de nascer! Tanto a Geo como a Alana estão muito bem! Estamos todos muito felizes! ❤️

Публикация от Cristiano Ronaldo (@cristiano) Ноя 12 2017 в 12:19 PST

Буга чейин түгөйлөр кызын Алана Мартина деп атай тургандыктары маалымдалган эле.

"Азыр гана Алана Мартина төрөлдү! Апасы да, кызы да өзүн жакшы сезип жатат! Биз бактылуубуз", — деп жазды Instagram баракчасына футболчу.

Роналдунун карын энеден туулган жети жаштагы уулу жана ушул жылдын июнь айында туулган эгиз балдары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0