БИШКЕК, 13-ноя. Sputnik. Португалия курама командасынын жана мадриддик "Реал" клубунун оюнчусу Криштиану Роналду төртүнчү жолу ата болду. Бул тууралуу футболчу өзүнүн социалдык баракчасынан кабарлады.
Буга чейин түгөйлөр кызын Алана Мартина деп атай тургандыктары маалымдалган эле.
"Азыр гана Алана Мартина төрөлдү! Апасы да, кызы да өзүн жакшы сезип жатат! Биз бактылуубуз", — деп жазды Instagram баракчасына футболчу.
Роналдунун карын энеден туулган жети жаштагы уулу жана ушул жылдын июнь айында туулган эгиз балдары бар.