БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Сингапурдан Индиянын Мадурай шаарына келип конгон Air India учагына жүргүнчү салмагы эки килограмм болгон алтын куймаларын унутуп кеткен. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, алтынды санитардык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү таап алышкан. Алтын куткаруу жилетине оролуп, отургучтардын биринин алдына коюлган.
Жергиликтүү бийликтин баамында табылган алтындын наркы 77 миң доллардан ашышы мүмкүн.
Учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аткезчилик кылган кишини аныктоого аракеттерди көрүп жатышат.