БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бычылганын билген мышыктын вирустук видеосу интернетке тараганын Daily Mirror басылмасы жазып чыкты.
Видеодон мышык өзүнүн жыныстык органын таппай калгандан кийинки реакциясын көрүүгө болот. Анын көзү чанагынан чыгып кеткиче тостоюп, оозу ачылып калган. Муну анын ээси тасмага тартып алган.
Басылманын маалыматына караганда, окуя Кытайдын Чэнду шаарында болгон.