15:32 30 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR95.6332
  • RUB1.1309
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
281120

Уйку канбай, өнөкөткө айланса, ал жашоонун узыктыгын чектеп, андан сырткары, мээге, дегеле адам баласынын организимине зыян келтирери айтылган

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Уйкуну кандырбай жүрө берүү ден соолукка гана терс таасирин тийгизип тим болбостон, адамдын кулк-мүнөзүн да өзгөртөт. Бул туурасында РИА Новости Chicago Tribune басылмасына таянып кабарлады. 

Анда Калифорния университетинин неврология жаатындагы профессору Мэтью Уокер менен маек жарыяланган. Ал "биз эмне үчүн уктайбыз" деп аталган китептин автору.

Уйку канбай, өнөкөткө айланса, ал жашоонун узыктыгын чектеп, андан сырткары, мээге, дегеле адам баласынын организимине зыян келтирери айтылган.

"Бир эле ирет жети сааттан аз уктап калсаңыз мээ менен денеде өзгөрүүлөр башталат. Ал эми алты саат уктап кадимкидей, сопсонун эле жашап келе жатам дегендер болгону өздөрүн сооротуп жаткандар", — деп айткан окумуштуу.

Анын айтымына караганда, дем алыш күндөрү түшкө чейин уктаган учурлар башка күндөрү канбай калган уйкунунун ордун толтура албайт. "Карызды топтоп туруп, кечирээк кутулуп коем дегендей ал банк эмес да", — деген Уокер.

Уктабаган адам харизмалуу болуп, жалган сүйлөгөнгө жакыныраак боло баштайт.

Окумуштуу уктаганга бир саат калганда компьютер, смартфон, тагыраагы, телефон чукулабаш керектигин айткан.

Уокер буга чейин уйкуну кандырбай жүрө берүү эс тутумду начарлатып, кант диабетине, толуктукка, ракка жана Альцгеймер дартына алып келерин айткан. Ал мындан улам ири ишканалар менен менен мыйзам чыгаруучуларды бул көйгөйгө олуттуу кароого чакырган.

Тема боюнча

Биолог окумуштуулар жараатты чаптаган биоклей ойлоп табышты
Окумуштуулар депрессиядан арылуунун эң оңой жолун табышты
Белгилер:
уйку, окумуштуулар, оору

ЭҢ МААНИЛҮҮ