Көйрөң айдоочу элдин убалына калды. АКШдагы автошоудан алынган видео

© AFP / BRYAN R. SMITHКарета скорой помощи в США
Карета скорой помощи в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катуу ылдамдыкта келе жаткан айдоочу рулга ээ боло албай калган

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Американын Бойсе шаарында унаа автошоу көрүп отурган элди аралап кеткенин жергиликтүү полицияга таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, айдоочунун көйрөңдүгүнөн 11 киши жабыркады.

Cars and Coffee автошоусуна катышып жаткан боз түстөгү Porsche унаасын катуу айдап келе жаткан киши рулга ээ боло албай калган.

​"Натыйжада унаа элди аралап кеткен. 11 адам жабыркап, алтоону Тез жардам алып кетсе, дагы бешөө жеке унаа менен кеткен. Кырсыкка күнөөкөр айдоочу өзүн көрсөткүсү келген", — деп айтылат полициянын Twitter баракчасында.

Учурда тартип сакчылары окуянын чоо-жайын тактап жатышат. Айыпкер тергөө менен кызматташып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0