БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Американын Бойсе шаарында унаа автошоу көрүп отурган элди аралап кеткенин жергиликтүү полицияга таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, айдоочунун көйрөңдүгүнөн 11 киши жабыркады.
Cars and Coffee автошоусуна катышып жаткан боз түстөгү Porsche унаасын катуу айдап келе жаткан киши рулга ээ боло албай калган.
https://t.co/oOUA1Z8lLr Vetted Credible https://t.co/IJJWK4LQqD
— Michelle Karkalik (@Ruthsgd35) 16 сентября 2017 г.
"Натыйжада унаа элди аралап кеткен. 11 адам жабыркап, алтоону Тез жардам алып кетсе, дагы бешөө жеке унаа менен кеткен. Кырсыкка күнөөкөр айдоочу өзүн көрсөткүсү келген", — деп айтылат полициянын Twitter баракчасында.
Учурда тартип сакчылары окуянын чоо-жайын тактап жатышат. Айыпкер тергөө менен кызматташып жатканы айтылды.