04:46 18 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Алтын тыйындар. Архив

Амурда алты жашар бала 18-кылымга таандык алтын тыйындарды таап алды

© Sputnik / Игорь Михалев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
502 0 0

Музей кызматкерлери тыйындарды тарыхый баалуулук экенин айтып, аларды 18-кылымга таандык экенин тастыкташкан.

БИШКЕК, 17-cен. — Sputnik. Амур облусунда алты жашар бала токойдон 18-кылымга таандык алтын тыйындардын тобун таап алгандыгын Sputnik Молдова жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бала ата-энеси менен пикникке чыккан. Ал жолдон ажатканага баргысы келгендиктен атасы күрөк берип "жерди казып заара кылып, кайра көмүп кой" деп токойго жиберген.

Бала атасы айткандай чуңкур казып жатып алтын тыйындар салынган чүпүрөк таап алган. Уулу кенч тапканын түшүнгөн ата-эне тийиштүү адистерге кайрылган.

Музей кызматкерлери тыйындарды тарыхый баалуулук экенин айтып, 18-кылымга таандык экенин тастыкташкан.

Табылган кенчти бул үй-бүлө мамлекетке өткөрүп бергени үчүн баласы мактоо баракчасы жана 500 миң рублдин тегерегинде акчалай сыйлык менен сыйланган.

Тема боюнча

Француз аял 9 жыл мурда жоголгон мышыгын таап алды
13 жыл мурда жоголгон шакек сабиздин ортосунан чыкты. Видео
Белгилер:
кенч, токой, тыйын, алтын
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ