Америкалык сенаторлор Кытайга басым жасоону күчөтүүгө чакырып жатат

© REUTERS / Joshua Roberts / File PhotoЗдание Капитолия США в Вашингтоне
Здание Капитолия США в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16 сенатор америкалык президенттин администрациясына атайын кат жиберген

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. АКШдагы республикачыл сенаторлор президент Дональд Трампты Кытайга басым жасоону күчөтүүгө чакырып жатат. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып жазды.

Ага "америкалык финансылык компаниялардын Кытайдын рыногунда ээн-эркин иштешинин чектелип жаткандыгы" себеп болгон.

АКШнын экс-президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Обама АКШнын эң көп пенсия алган экс-президенти болот
Мындай маанайдагы катты 16 сенатор америкалык президенттин администрациясына жиберген.

Агенттик учурда Кытайда баалуу кагаздар менен иштеген чет элдик банктар, фирмалар жана камсыздандыруучулардын жергиликтүү фирмалар менен кызматташуусу айтылгандыгын тактап чыккан. Бул жергиликтүү ишканаларда можаритардык үлүштү сактайт деп айтылат.

Сенаторлордун жиберген катында өкмөткө "АКШнын финансылык фирмаларына аталган өлкөдөгү операцияга 100 пайыз ээлик кылууга Кытайды милдеткер кылуу" тапшырмасы берилген.

Мындай чектөөлөр АКШнын финансылык компанияларынын кожоюндугуна бөгөт коюп, алардын инвестициясына көзөмөл кылууга көмөкчү болору айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0