Остинде саксайган сакал-мурут койгондордун чемпионаты өттү. Видео

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүIV Российский чемпионат бород и усов
IV Российский чемпионат бород и усов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке өзгөчө сакал-мурут койгон жүзгө чукул адам ар кайсы өлкөлөрдөн келген.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Американын Остин шаарында Remington Beard Boss World Beard & Moustache Championships аттуу сакал-мурутчандардын дүйнөлүк чемпионаты өттү. 

Мелдешке өзгөчө сакал-мурут койгон жүзгө чукул адам ар кайсы өлкөлөрдөн келген. Чемпионат башталар алдында катышуучулардын сакал-муруттары жасалма эместигин судьялар текшерип, өлчөп жатышты.

Андан соң катышуучулар калыстар тобунун алдына, сахнага чыгышты.

Бул жылы уюштуруучулар "Харви" бороонунан жабыркагандарга жардам иретинде каражат чогултушту.

Эске салсак, сакал-мурутчандардын чемпионаты эки жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы шаарларында өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0