"Себаттын" бүтүрүүчүлөрү Түркияга кире албай калышы мүмкүн

© REUTERS / Osman OrsalТеракт в терминале стамбульского аэропорта Ататюрк
Теракт в терминале стамбульского аэропорта Ататюрк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин аты "Сапат" болуп ушул жылдын март айында өзгөртүлгөн

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Оппозициялык көз караштагы дин аалымы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү Түркияга виза ала албай калышы мүмкүн экендигин өлкөнүн Билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдем билдирди. Бул тууралуу Aksam Haber басылмасы жазды.

Ал TIKA (Түркиянын координация жана кызматташтык уюму) жыйынында сүйлөп жатып,  муну Кыргызстандын өкүлүнө карай айтты.

"Кыргызстанда Гүлендин террордук уюму өтө күчтүү. Анын мектептери Кыргызстанда көп жылдан бери иш алып барууда. Биз алардын мазмунун өзгөрүп, мамлекеттик мекеме болушун каалайбыз. Туугандарыңарды жана жакындарыңарды ал жакка окубагыла деп айткыла. Болбосо биз аларга Түркияга кирүүчү виза бербейбиз", — деди Эрдем.

2016-жылдын 16-июлунда көтөрүлүшчүлөр Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылып, негизги кыймыл Анкара жана Стамбул шаарларында болгон. Көтөрүлүш кескин токтотулганы менен 240 түрк жараны каза таап, эки миңден ашык адам жаракат алган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган.

Турецкий проповедник Фетхуллах Гюлен - Sputnik Кыргызстан
Түркияда Гүлен менен байланышы бар деп бир жумада 831 киши кармалды
Ал эми диний аалым өзү көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан.

Мындан кийин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу бир эмес эки ирет ЖМКлар аркылуу Кыргызстанда дагы гүленчилер тарабынан төңкөрүш болушу мүмкүн экенин айткан жайы бар.  Аларга карата кыргыз бийлиги чара көрбөсө, эки өлкөнүн мамилесине доо кетип каларын эскерткен.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев менен КР ТИМи Түркияга Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөнү сунуштаган.

Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин аты "Сапат" болуп ушул жылдын март айында өзгөртүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0