Францияда итин сабаган киши жарым жылга кесилди

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүДжек Рассел терьер ити. Архив
Джек Рассел терьер ити. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокуратура болсо кишини өмүр бою жаныбарларды багуу укугунан ажыратып, бир жыл абакка кесүүнү талап кылган болчу

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Франциянын Валь-де-Марн департаментинин тургуну итин сабаганы үчүн алты айга кесилгенин РИА Новости агенттиги Parisien басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган киши 2013-жылы да жаныбарларга орой мамиле жасады деп айыпталып, бирок жазага тартылган эмес. Бул жолу ал Жокер деген итин сабап, жерге жаткыра тепкен.

"Мен аны жиним менен катуу урган эмесмин. Итимди жакшы көрөм, ошондуктан аны багып жүрөм да. Мен аны ал тил албай койгон учурда гана какыс-кукус кылып коём", — деп киши өзүн сотто актоого аракет кылган.

Итин сабаган жаран алты айга кесилгени аз келгенсип, эми беш жылга чейин үй жаныбарларын багуу укугунан да ажыратылды. Прокуратура болсо кишини өмүр бою жаныбарларды багуу укугунан ажыратып, бир жыл абакка кесүүнү талап кылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0