NBC News: АКШ аскерлери Түндүк Кореяга сокку урууга даяр турат

© AP Photo / Matthew FlynnАКШнын аскердик күчтөрүнүн B-1B учагы. Архив
АКШнын аскердик күчтөрүнүн B-1B учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын ракеталык объектилерин бомбалоого буйрук берсе, Пентагон өзөктүк эмес бомба таштоочу учактарын жиберет.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Пентагон (АКШнын коргоо министрлиги) Түндүк Кореянын ракеталык объектилерине эскертүүчү соккуларды уруу боюнча план иштеп чыкканын NBC News телеканалы өз булагына таянуу менен билдирди.

Севернокорейские солдаты во время парада в Пхеньяне - Sputnik Кыргызстан
Япония Түндүк Кореянын ракеталык соккусуна даярдык көрүп жатат
Маалыматка ылайык, сокку уруу үчүн Американын Гуам аралындагы базасында турган B-1B учагы тартылышы ыктымал. Ишенимдүү булактардын билдиришинче аталган базада май айынан бери учкучтардын машыгуулары болгон.

Телеканалдын билдиришинче учурда Гуам аралындагы аскер базасында B-1B "Lancer" үлгүсүндөгү бомба таштоочу алты учак бар.

Акыркы бир нече күндүн ичинде АКШ менен Түндүк Кореянын мамилеси дароо начарлады. Пхеньян Американын Гуам аралындагы аскер базасына кол салуу боюнча план иштеп чыкканын жарыялаган. Түндүк Корея мындай кадамга Трамп "эгер Пхеньян Американы коркута турган болсо бардык аракеттер көрүлөт" деген билдирүүсүнөн улам барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0