Улуу Британия экстремист деп шектелген 150 кишини жарандыгынан ажыратты

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүСаммит ЕС в Брюсселе
Саммит ЕС в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери 40 киши жарандыгынан ажыраган

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Британиянын бийлиги экстремист деп шектелип, өлкөдөн чыгып кеткен 150 кишини жарандыгынан чыгарганын Sunday Times басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аларга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынды.

Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Интерпол 173 жан кечти террорчунун тизмесин жарыялады
Британ бийлиги негизинен "Ислам мамлекети" террордук тобуна өтүп кеткен кишилерди жарандыктан чыгарат. Жыл башынан бери 40 киши жарандыгынан ажыраган.

Буга чейин айрым ЖМКлар Британияга кайтып келген 350 жаранды атайын кызмат өлкөгө террордук кооптуулук туудурат деп атайын тизмеге алганын жазып чыгышкан. Сириянын согуш болгон аймактарына Британиянын 850 жараны барган. Алардын 10-15 пайызы окко учса, дээрлик жарымы мекенине кайтып келген эмес. Жалпысынан Британиянын атайын кызматы мамлекетке кооптуулук туудурат деп үч миңдей кишини каттоого алган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0