Ат минген техастык иттин видеосу интернетти багындырууда

© SputnikЛабрадор катается на лошади. Фото со страницы YouTube канала Kathryn Gregory
Лабрадор катается на лошади. Фото со страницы YouTube канала Kathryn Gregory - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодо көрүнүп тургандай ит ээрге олтуруп, тизгинди оозуна тиштеп, атты башкарып бара жатат.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. АКШнын Техас штатындагы Берн шаарынын тургуну Кэтрин Рикман өзүнүн Мейзи деген итине ат мингенди үйрөтүп койгон.

Ал мындай өзгөчө видеону өзүнүн YouTube каналына жарыялаган.

Видеодо көрүнүп тургандай ит ээрдин үстүнө олтуруп, тизгинди оозуна тиштеп, атты башкарып бара жатат.

Мындан сырткары, акылдуу ит аттын чылбырын тиштеп жетелей алат.

Бул видеону миңдеген интернет колдонуучулар көргөн.

Ал эми күчүктүн ээси Кэтрин жандыгына ат мингенди канча убакытта үйрөткөнү жазылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0