Америкада чагылган тийген төрт адам аман калды

© AFP / PATRICK PLEUL / DPAЧагылган. Архив
Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкта үч чоң адамдын чагылган тийген жерлеринде кызыл так калып, ал эми ымыркай жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Американын Түштүк Каролина штатындагы пляжда төрт адамды чагылган уруп, бирок аман-эсен калышты. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме жасап кабарлады.

Чехияда Фейсбукка түз эфир жасап жаткан кыздар жол кырсыгына кабылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Чехияда Фейсбукка түз эфир жасап жаткан кыздар жол кырсыгына кабылды. Видео
Маалыматка ылайык, кырсык жекшембиде күндүн жарымында Айл-оф-Палмс шаарында болгон. Окуя болгон жерде жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көргөзүлүп, өмүрүнө коркунуч жаралгыдай жаракат албагандыгы аныкталган.

Маалымат агенттиги үч чоң адамдын чагылган тийген жерлеринде кызыл так калып, ал эми кичинекей бала  эч нерсе болбогондугун жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0